Жогорку соттун кызматкерлери тизме менен имаратка киргизилүүдө

БИШКЕК. Жогорку соттун имаратынын алдында 22-апрелден бери нааразылык билдиришкен 7 округудун 50гө жакын шайлоочусу Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду жана анын орун басарлары баш болгон 14 судьяны кызматтан кетирүү талабын коюшууда. Алар Жогорку соттон парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилген шайлоо округдары боюнча доо арыздарды кайрадан карап, туура чечим чыгарууну да талап кылышууда.

Бир жарым айдан бери иштебей турган Жогорку сот 7-июнда ишке киришкен. Бирок нааразылык билдиришкен шайлоочулар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов баштаган бир нече судьянын ишке чыгышына каршы болушуп, Жогорку соттун кызматкерлерин тизме менен имаратка киргизүүдө.