Тажикстандагы табигый кырсыктан 6 киши курман болду

Эки күн мурун түндүк Тажикстанда болгон катуу селден Мажио жана Шинк кыштактары жапа чекти. Тажикстандын чукул кырдаалдар министрлиги жаратылыштын мындай кырсыгынан курман болгондордун саны 6 кишиге жеткенин маалымдады. Катуу жаандардын натыйжасында өлкөнүн түндүгүндөгү дарыялар жээгинен чыгып, бир нече айыл-кыштак суу астында калган.

Кечки эл аралык кабарларды Прагадан Замира Кожобаева даярдады