БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин шайлоо өнөктүгү убагында полномочиелерин тапшыргысы келбегендиги одоно мыйзам бузуу жана шайлоодо жеңилип калбаштын айласы экендигин далилдейт. Мындай пикирин президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев 12- июнда билдирди. Президенттин маалымат кызматы билдиргенге караганда, Курманбек Бакиевдин Баткен облусуна сапары учурунда айрым атуулдар өлкөдөгү стабилдүүлүктүн сакталышы үсүн эс алууга кетпеңиз деп суранышкан. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев премьер-минитср катары жакынкы күндөрү эс алууга кетээрин, бирок президенттин милдетин аткаруучунун полномочиелерин тапшырбастыгын билдирген. Жыпар Жекшеевдин пикиринде, шайлоо өнөктүгү убагында Курманбек Бакиев бардык полномочиелерин тапшырганы туура болмок.