Роза Отунбаева Кондолиза Райс менен жолугушту

БИШКЕК. 14-июнда Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен Вашингтондо жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтык, Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоо тууралуу жана Кыргызстандагы өзбек бозгундарынын абалы, өлкөдө демократиялык атуулдук коомду куруу маселелери талкууланды. Кондолиза Райс Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоого АКШ өкмөтү кызыкдар экендигин билдирген. Бул тууралуу Тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматынан 15-июнда “Азаттыкка” билдиришти.

16-17 июнда Роза Отунбаева Нью-Йорктогу БУУнун баш кеңсесинде БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан менен жолугушуусу күтүлүүдө. Анда учурдагы Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы саясий кырдаал талкууланмакчы. Ал эми 17-июнда Колумбия университетинде Кыргызстанга арналган тегерек үстөл жыйыны өткөрүлүп, ага окумуштуулар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.