Курманбек Бакиев эс алууга кетээри белгисиз

БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев премьер-министр катары өзүнүн милдетин аткарууда. Ал эми президенттикке талапкер катары премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотобу же жокпу – азырынча белгисиз. Бул тууралуу 18-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы 17-июнда Курманбек Бакиевдин атына кайрылуу жолдоп, премьер-министрлик кызматын президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда токтотууга чакырган. Ал эми айрым саясатчылар жана саясий партиялар Курманбек Бакиев шайлоонун учурунда да премьер-министрлик кызматын аткарууга тийиш деген пикирлерин айтышууда. 17-июнда эс алууга чыккан президенттикке талапкер Курманбек Бакиев ушул эле күнү өкмөт үйүн ээлеп алууга болгон аракеттерге байланыштуу кайрадан ишке чыккан.