Москвада Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун саммити болду

Ага Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышышты. Президент Путин Ооганстандагы террористтердин лагерлери Россияда жана экс-советтик жумурияттарда тынчсызданууну жаратып жатат деп билдирди. Ооганстандагы террордук базалар чет өлкөлүк чалгынчылардын жардамы менен иштеп жатканы бизди абдан камтама кылат, - деди Путин.

Москванын ырастоосунда, чечен согушкерлери дал ошол лагерлерден машыгышат. Россиянын коргоо тармагынын жетекечилери болсо орус аскерлери керек болсо чет мамлекеттердеги террордук базаларга чабуул коюшат деп эскертип келатышат.