Данияр Үсөнов депутатты жана гезитти сотко берет

БИШКЕК. «Комсомольская правда-Казакстан» гезитин «Мыйзамдагы Янус» аттуу макаласы үчүн, ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановду негизсиз айыптоолору үчүн сотко берерин вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 24-июнда парламентте билдирди. Үсөновдун айтымында, Бабановдун аны Казакстандын атуулу жана бир катар фирмалардын кожоюну деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Мен эч качан Казакстан атуулу болгон эмесмин, деп белгиледи Данияр Үсөнов.