НАТОнун баш катчысы бүгүн Киевге келет

Яаап д Хооп Схеффер президент Виктор Юшенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар негизинен Украинанын НАТОго кошулуу келечегин жана буга байланыштуу Киев өкмөтү көрүп жаткан практикалык кадамдарды талкуулашат.