Польшанын парламент спикери президенттикке талапкерлигин көрсөтөт

Бул тууралуу Влодзимеж Чимошевич кечээ өзү билдирди. Чимошевич бир катар жылдары премьер-министрдин жана тышкы иштер министринин кызматында турган. Коомдук пикирдин көрсөткүчтөрүнда ал алымдуулугу жагынан президенттикке башкы талапкер аталган Лех Качинскиден – Варшаванын шаар башчысынан – алда канча алдыда баратат. Польшада жаңы президент быйыл күздө шайланат.