Дагстандагы жардыруу 10 адамдын өмүрүн алды

Дагстандын баш калаасы Махачкалада ири жардыруу болду. Андан 10 адам өлүп, 27си жарадар болду. “Азаттыктын” Дагестандагы кабарчысы билдиргендей, өлгөндөрдүн арасында жергиликтүү ички иштер министрлигинин жана аскерий күчтөрдүн өкүлдөрү да бар.

Cоңку эл аралык кабарларды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады