2012-жылдагы Олимпиаданын конок ээси ушул аптада белгилүү болот

Эл аралык Олимпия комитети 2012-жылдагы Олимпиаданын конок ээсин Сингапурда ушул шаршембидеги жыйынында атамакчы. Мунун алдында Сингапурга талапкер шаарлардын кызыкчылыгын коргоочу жогорку деңгээлдеги делегациялар келе баштады. Маселени Лондондун пайдасына чечтирүү аракети менен Сингапурга бүгүн Британ премьери Тони Блэр келди. Британ футбол жылдызы Девид Бэхемдин Сингапурдагы сапары да ушул эле максатты көздөйт. Париждин кызыкчылыгын коргоо үчүн Сингапурга президент Жак Ширак өзү, ал эми Москва үчүн орус өкмөт башчысы Михаил Фрадков менен олипиадачылардын жоон тобу келүүдө. Ал эми Нью-Йорк үчүн сенатор Хиллари Клинтон менен айтылуу бокчу Мохаммед Али, Мадрид үчүн испан канышасы София күйөрмөн болот. Баяндамачылардын болжолунда, 2012-жылдагы Олимпиада үчүн күрөшкөндөрдүн көч башында Париж кала берүүдө жана анын башкы атаандашы – Лондон.


Эл аралык акыркы кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады