Эл аралык байкоочулар БШКнын ишин сынга алышууда

БИШКЕК. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо алдында айрым кемчиликтерди кетирүүдө, атап айтканда үгүт иштеринин учурунда айрым мыйзам бузуулар байкалып жатат. Мындай пикирин Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча уюмдардын европалык түйүнүнүн Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Питер Новотный билдирди. Аталган уюмдун 14 өкүлү шайлоо алдындагы өнөктүккө узак мөөнөттүк байкоо жүргүзүшүүдө. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын ишиндеги кемчиликтерди анын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээлинин жетишсиздигине жана шайлоо жараяндарына кыска мөөнөт бөлүнгөндүгүнө байланыштырышууда. Уюмдун өкүлдөрү белгилешкендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин таратуу боюнча иштери да ачык жүргүзүлбөй жатат. Мисалы, чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга канча бюллетень жиберилгендиги азырынча белгисиз. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, комиссия ишин ачык жүргүзүүдө. Аталган уюмдун 40 байкоочусу 10-июль күнү президенттик шайлоонун өтүшүнө көз салат.