Лондондогу жардыруулар үчүн жооптуу делген адамдардын аты-жөнү такталды

Лондон шаарында 7-июлда ишке ашырылган бир нече террор аракетинен 52 адам курман болду, жараат алгандардын саны болсо бир нече жүз. Көптөрдүн дайны эмгиче белгисиз, жоголгондордун арасында Франция, Польша жана башка өлкөлөрдөн келген отуздай турист бар. Жарылууларга жооптуу делген төрт адамдын бүгүн аты-жөнү такталды, алар жарылуулар учурунда өздөрү да курман болгон деп айтылууда.