Орусиянын Чукул абалдар министрлиги билдиргендей, оору Новосибирскинин төрт районунда катталган, бирок адамдарга жуккан эмес. Новосибирскиге жакын жайгашкан Казакстандын бийликтерине тийиштүү эскертүү жиберилди. Канаттуунун сасык тумоосу адатта жандыктардын арасында таралат, бирок Түштүк Чыгыш Азияда жана Кытайда бул оорудан 2003-жылдан бери кеминде 58 киши каза болду.