Жер талаш уланууда

БИШКЕК. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жер талаш уланууда. Райондун тургундары Лебединовка айылына караштуу 44 гектар жерди турак-жайга муктаж адамдарга берүүгө каршы. Ал эми 400гө жакын жерге муктаж адам бул жерди аларга берүү талабын коюшууда. Бул чыр-чатактын себеби тууралуу жер бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев мындай пикирин билдирди:

- Бул айыл өкмөтүндөгү жер жаңжалына чиновниктердин да тиешеси бар. Алар ар кандай оюндарды уюштуруп коюп, четте турушат.

Жакынкы күндөрү Жыпар Жекшеев Лебединовка айылында жерге байланыштуу түзүлгөн чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарын өкмөткө жолдойт. Буга чейин Лебединовка айылына караштуу 50га жер турак-жайга муктаж адамдарга өткөрүлүп берилген.