Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө пикир келишпестиктер болушу ыктымал

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча Бейжиндеги көп тараптуу сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда. Аларга катышып жаткан Кытай, АКШ, Түндүк жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү, ошондой эле Орусия менен Жапония ушул тапта Кытай тарабынан сунушталган долбоорду талкуулап жатышат. Кошмо Штаттардын өкүлү Кристофер Хилл ал долбоорду “мындан аркы сүйлөшүүлөргө жакшы жол ача ала турган негиз” деп атады. Бирок Хиллдин айтымында, Кытайдын сунушу боюнча бир пикирге келүү татаал болот, анткени ага карата мамиле бир жактуу эмес.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги “Эгерде өлкөгө коопсуздук, экономикалык жардамдар жана АКШ тарабынан дипломатиялык таануу берилсе, анда ырасмий Пхеньян массалык кыргынга алуучу куралды таркатпоо келишимине кошулууга даяр экенин” билдирди. Өз кезегинде, АКШ мунун баарына макул экенин, бирок ал үчүн Түндүк Корея өзөктүк программасынан толугу менен баш тартышы лаазым экенин айтып жатат.