СЕЛДЕН ЖАБЫР ТАРТКАН ЖАЛАЛАБАТТЫКТАРДЫН КӨЙГӨЙҮ

  • Ырысбай Абдыраимов
Быйыл табигый кырсыктар көп катталган Жалалабат облусунда 1994-жылдан бери төрт жарым миңден ашык үй-бүлө мамлекеттик жардамга муктаж. Алардын эки миң токсон сегизи тизмеге быйыл кошулду. Жылдын жарымы өтүп баратса да облустагы 18 үй-бүлөдөн башкасына өкмөттүк ссуда бериле элек.
Табият кырсыгы көп катталган облустун аймагында чукул кырдаал башкармасынын маалыматы боюнча, 1994-жылдан бери өкмөттүк жардамга муктаж адамдарынын тизмесине быйыл 2098 үй-бүлө кошулду. Селден улам үйү кыйрагандар убактылуу чатырларда жашаганы менен өкмөттүн жардамысыз турак-жай курууга чамасы жоктугун айтышууда:

- Мамлекет турак-жай салганга, бала-чаканы убактылуу карап турганга каражат, ссуда берсе, бала-чаканы жайгаштырат элек. Күн деген өтө берет экен. Жарык жазда үйлөргө кирип алсак деген ойдо турабыз, - деди үйү кыйраган Акман айылынын тургуну Исак Ибраимов.

Маңдай жылытаарлык жардам берилбегендиктен облустук мекемелерден үйү жарыккандардын кадамы үзүлбөйт. Өзгөчө кырдаал башкармасынын орунбасары Садык Хажиматовдун айтымында, жардам сурагандар мекемеге күндө келишет:

- Жардам сурагандар күнүгө келет. Мына азыр үч аял келип кетти, бардыгы ошол проблема, кышка чейин дубалдарды көтөрүп алсак деген суроолор менен келип атышат.

Садык Хажиматовдун билдирүүсү боюнча, мониторинг департаментинин чечими менен орун которууга милдеттүү 1698 үй-бүлө аргасыз сел, суу ташкын, жер титирөө жана башка табият кырсыгы күтүлгөн жайларда жашоодо.

Өкмөттүк ссудага муктаждардын тизмеси тиешелүү уюмдарга жөнөтүлгөнү менен быйыл облустун 18 тургуну гана жардам алышкан:

- Аксы районунан 18, Сузак районунан 3 үй-бүлө ссуда алышкан. Бирок быйыл жыл башынан баштап дагы 2098 үй-бүлө кошулду тизмеге.

Чатырдан бөлөк үйү жок Сузак районундагы айталаада жашаган 50 үй-бүлөнүн үмүтү да кышка дейре баш баанектүү болуу:

- Эптеп өкмөттү карап отурабыз, ссуда берсе, анан жашасак деп. Же тоодо, же бул жерде ишибиз жок, орто жолдо калдык. Ссуда берсе, үй куруп алсак деген ой менен келип атабыз. Ал жерде чындыгын айтканда турмушу начарлар да, шарты жакшылар да бар - деди, алардын өкүлү, көп балалуу Саадат Рахманкулова.