Түркиянын Йайладер шаарынын барымтага алынган мэри бошотулду

Түркиянын Анталия аймагында бүгүн удаасы менен эки жарылуу болду, андан чыгаша болгон-болбогону тууралуу азырынча маалымат жок. Өлкөнүн чыгышындагы Йайладер шаарынын өткөн аптада барымтага алынган мэри Хасим Акюрек бүгүн бошотулду. Аны 27-июлда Күрдүстан жумушчу партиясынын лашкерлери туткундап кеткен. Мэрдин айтымында, ага эч зыян тийгизилген жок жана июнда барымтага алынган бир аскер дагы жакын арада бошотулууга тийиш.