САУД АРАБИЯ ПАДЫШАСЫ – ЫЙЫК ЖАЙЛАРДЫН КОРГООЧУСУ

Сауд Арабиясынын падышасы Фахдды акыркы сапарга узатуу каадасы кандай өттү? Сауд падышаларынын өздөрүн Мекке жана Мединадагы ыйык жайлардын коргоочусу деп атоосунун таржымалы кандай? Жаңы падыша Абдулла менен өлкөдөгү диниятчылардын мамилеси кайсы багытта өнүгүшү ыктымал?
Августун биринчи күнү Cауд Арабиянын Улуттук телеканалы Фахд падышанын таңга жуук көз жумганын жарыя кылды:

- Падыша сарайы, Урматы падышадай улуу, мураскер канзада Абдулла бин Абдулазиз жана падыша бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү терең кайгыруу жана өкүнүч менен жалпы улуттун атына - Меккедеги жана Мединадагы эки ыйык мечиттин сактоочусу падыша Фахд бин Абдулазиз каза болгонго байланыштуу аза күтүп жатканын жарыя кылат. Ал узактан бери азабын тартып жүргөн оорудан көз жумду.

Дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү өлкөгө 23 жыл падышалык кылган Фахд бин Абдул Азиз ас-Сауддун өлгөнүнө байланыштуу тележарыядан башка эч кандай ырасмий жөрөлгө өткөрүлгөн жок. Иорданиянын падышасы, Пакистан, Мисир, Алжир жана башка ислам өлкөлөрүнүн башчылары маркумдун тажиясына гана катышышты.

Ал эми Батыш мамлекеттеринин жетекчилери жана мусулман эмес өлкөлөрдүн мартабалуу өкүлдөрү, анын ичинде Франциянын президенти Жак Ширак менен Британ тактынын мураскери, Уэльс ханзадасы Чарлз сөөк жерге берилген күнү кечке жуук падыша үй-бүлөсүнө кездешип, көңүл айтышты.

Саудияда вахабийлик мамлекеттик деңгээлде бекем тутулгандыктан, маркумду акыркы сапарга узатууну мамлекеттик каада-салтка айлантууга уруксат жок.

Вахабизм мазарга барып, куран окууга жана коомчулук алдында азасын билдирүүгө да тыйуу салат.

84 жыл өмүр сүргөн Фахд падышанын тажиясы шейшемби күнү өлкө байтакты Эр-Рияддын четиндеги Имам Турки бин Абдулла атындагы 6 миң адам сыйчу мечитте окулуп, эки мүнөткө гана созулду. Тажияга падыша тукумундагы ханзадалардын баары келди. Андай ханзадалардын саны бир маалымат боюнча 4 миң, башка бир маалыматтар боюнча 5 миң чамасында болот.

Сөөк жайга берилигенден кийин падышанын санжаргалуу кароолунун катарында өмүр бою Фахды коштоп жүргөн эки аскер кыскача сөз сүйлөштү. Алардын бири Салих Хубан белгиси жок жаңы бейитке ишаара кылып: “Биз баарыбыз ал сыяктуу эле жол менен барабыз. Падыша өлдү жана анын ордуна башка адам келди. Биринчиси бизди алы жеткенче баштады. Эмки келгени да ошону жасайт”,-деп сөзүн бүттү.

Жаңы падыша болуп, тактынын мураскери 81 жаштагы Абдулла жарыяланды. Абдулла көзү өткөн Фахд сыяктуу эле өзүнө Мекке жана Мединадагы ыйык жайлардын коргоочусу деген наамды да алды.

Ыйык жайлардын коргоочусу деген наамдын жаралыш таржымалын италиялык дин таануучу Жовани Бенси мындай түшүндүрөт:

- Бул эски жана татаал тарых. Бул наам эл аралык деңгээлде берилбейт. Бул наамды Сауд Арабиянын падышалары тарыхый жагдайлардан улам өздөрүнө ыйгарышкан. Анын башаты Осмон түрк империясынын өкүмдүгүнө каршы 18-кылымда Арабия жарым аралында чыккан козголоң-көтөрүлүштөргө барып такалат. Аймакта жашаган кубаттуу бедуин уруусу – ас-Сауддардын кол башчысы Ас-Сауд башка уруунун аскер башчысы Мухаммед Ибн ал-Вахаб менен Түрк султанына каршы биригишет. Ас-Сауд көбүн эсе саясый ишмердүүлүк менен алек болсо, ал-Вахаб диний теорияны өнүктүрөт. Ал-Вахаб түрктөр жана Кавказ менен Борбор Азиянын жана башка чөлкөмдөрдүн мусулмандары бедаа жасашты, баштапкы исламда жок жаңы жөрөлгөлөрдү киргизишти деп жалаа коюп, исламды тазалоо идеясы менен чыгат. Вахабизм окуусунун пайдубалында дал ушул идея жатат. 19-кылымда сауд аскерлери Мединаны түрктөрдөн басып алышат. Ал учурда Мекке жана Медина түрк султаны-халифтин ээлигинде болчу. Султан сунни мусулмандардын руханий көсөмү-халиф иретинде Ыйык жайлардын коргоочусу деген наамды алып жүргөн. 1-дүйнөлүк согуштан соң Осмон султандыгы кыйраганда, сауддер династиясы Мекке жана Мединага биротоло ээ болуп калышты. Ошондон тарта Саудиянын падышалары өздөрүн Ыйык жайлардын коргоочусу деп билишет.

Сауд падышаларынын өздөрүн Ыйык жайлардын коргоочусу деп аташын шиит-мусулмандар таанышпайт. Атап айтканда, Ирандын руханий көсөмү Аятолла Хомейни Сауд падышаларынын мындай наамды өздөрүнө алышына ачыктан ачык каршы чыккан.

Падыша Фахдды акыр сапарга узатуу каадасы жупуну өткөнү да ал-Вахабдын окуусуна байланыштуу. Жовани Бенси бардык экстремисттерди вахабийлер деп атоону туура көрбөйт:

- Себеби, вахабийлердин өзгөчөлүгү бар жана аны экстремизмдин башка формалары менен чатыштырууга болбойт. Алар экстремисттер эмес, алар исламды өздөрүнүн түшүнүгүнө ылайык баштапкы таза калыбына келтирип, ага ылайык жашоого чакырган интегралисттер же пуристтер.

Саудиянын жаңы падышасы, 81 жаштагы Абдулла мусулман диниятчылары менен кандай мамиледе болот? деген суроого талдоочулар менен саясатчылар жооп издешүүдө жана түрдүү жоромолдорду айтышууда.

Мындай суроонун коюлушу негиздүү. Абдулла диний каада-салтты такыба аткарган инсан катары белгилүү. Өлкөдө диниятчылардын таасири да күчтүү. Алардын бир жааты 1990-жылдардын баш ченинде Усама бен Ладендин америкалыктарды өлтүрүүгө чакырыгын колдоп фатва чыгарышкан. Анын натыйжасында бен Ладендин аракети мыйзамый колдоо алган. Ал эми жакында эле Меккенин диниятчылары террорчулукту жектеген фатваны бекитти.

Мындай карама-карышылыктарды кандай түшүнүүгө болот? Сөз Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун талдоочусу, профессор Энтони Кортесманда:

- Биз, көпчүлүк учурда, эч кандай атайын диний билими жок адамдардын кыймылы -“ал-Каидага” аныктама берүүдө жаңылып жүрөбүз. Алардын диний программасы Сауд Арабиясындагы диний борборлорго караганда мисирлик мусулман агайындардын окуусуна жакын. Арийне, Саудиянын өзүндө Батышка каршы үгүт-насаат жүргүзгөн, антисемитчил жана күч колдонууга чакырган бир нече эскичил руханий башчылар бар. Бирок өлкөдөгү өкмөт колдогон диниятчылардын уюткусу ар убак эле террорчулукка каршы чыгып келет. Байкоочулар диниятчылар дайыма падыша жүргүзгөн реформаны колдоп жүргөнү тууралуу аз сөз кылышат. Алар эч качан реформага жолтоо кылышкан эмес. Андыктан, тарыхты көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Тарых ырасмий диниятчылар эч качан бен Ладендин адамдарын колдобогонун көрсөтөт.

Саудиянын алтынчы падышасы Абдулла, мурда белгилегендей, 81 жашта. Ал эми тактынын мураскери, ханзада Султан 80дин кырында.

Ушундан улам, айрым байкоочулар Сауд Арабиясында падышалар жакынкы жылдары Брежнев доорунун акыркы мезгилиндегидей тез-тез алмашаарын белгилешет.