Кыргызстанда облустар жоюлабы?

БИШКЕК. 2006-жылы Кыргызстанда административдик-аймактык реформа башталат. Бул тууралуу «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев 5-августта билдирди. Анын айтымында, бул реформанын алкагында облустар жоюлат. Ал эми чиновниктер саны 30% кыскартылат. Партиянын бул багыттагы сунушун шайланган президент Курманбек Бакиев колдогон.