Америкалык космос чөлмөгүнүн Жерге кайтып келиши кечигүүдө

Америкалык "Дискавери" космос чөлмөгү бүгүн жерге кайтып келүүгө тийиш болчу, бирок ал иш Жердеги аба ырайынын бузулушу менен байланыштуу 24 саатка кийинкиге калтырылды: "Кеме коно турган жерде аба ырайы стабилдүү болбой жатканы бизди тынчсыздандырууда жана биз конуу мөөнөтүн расми түрдө 24 саатка кийинкиге калтырууну чечтик",- деп жарыялады ал тууралуу АКШ космос агенттигинин өкүлү Кен Хэм.. Чөлмөктү космоско учуруу мөөнөтү дагы июлда эки жолу кийинкиге калтырылган. Америкалык космос чөлмөктөрү менен байланыштуу акыркы мезгилде көптөгөн маселе чыгууда.