Орусия-Кытай жолу Борбор Азия аркылуу өтөт

БИШКЕК. Орусиянын маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Орусия өкмөтү менен Кытайдын Шиңжан-уйгур автономиялуу районунун өкмөтү улуттар аралык жаңы автоунаа жолун куруу боюнча протоколго кол койду. Жаңы трасса Орусиянын Томск, Новосибирск облустары жана Алтай республикасы аркылуу Кытайдын Шиңжан-уйгур автономиялуу районуна өтөт. Андан ары Борбор Азия мамлекеттерине кирип кетет. Бул жолдун ачылышы менен Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү да артмакчы. Маалым болгондой, Кыргызстан Кытайга чыгуучу Ош-Эркечтам жолун курууда.