БИШКЕК. Президенттин парламенттеги ыйгарымдуу өкүлү Данияр Нарынбаев “МСН” гезитин сотко берди. Гезиттин быйылкы 13-майдагы санында жарыяланган макала ар-намысыма, ишкердик беделиме шек келтирди деп, ал соттон 50 миң сом өндүрүп берүүнү сурап жатат. Аталган макаладагы “Данияр Нарынбаев негиздеген криминалдык-коррупциячыл соттун мамлекетке кереги барбы?” деген өңдүү сүйлөмдөр тууралуу сөз болуп жатат. “МСН” гезити президенттин маалымат кызматынын төгүндөөсүн жарыялаган. Ошентсе да Данияр Нарынбаев Биринчи май райондук сотуна кайрылган.