МАГАТЭнин делегациясы Иранда

Кечээ Улуттар Уюмунун атомдук энергия агенттиги - МАГАТЭнин делегациясы Тегеранга келди. Сапардын максаты Иранды Исфахандагы ишканада уранды байытууну токтотуу жөнүндөгү МАГАТЭнин чечимин аткарууга көндүрүү. МАГАТЭнин делегациясы Исфахандагы жана башка жердеги ядролук жабдууларды да текшерип көрөт.