КОЛ ЧААП ЖҮРӨ БЕРГЕН УЧУР БҮТТҮ, ПРЕЗИДЕНТТИН АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИ

14-августта президент Курманбек Бакиевдин ант берүү аземи өттү. Ага улай мамлекет башчысы аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жыйынын чакырып, алдыда турган иштерди белгилеп, милдеттерди аныктады. Жаңы бийлик Конституцияны кайра жазып чыгуу демилгесин көтөрүүдө.
14-августта Курманбек Бакиев эл алдында адал иштөөгө ант берди. Аземдин кандай өткөнү, кайсы жактан кандай коноктор келгени апта башындагы гезиттердин баарында чагылдырылды.

Салтанат өткөндүн эртеси жаңы президент аткаруу бийлик өкүлдөрүн чогултуп чоң жыйын өткөрдү. «Ким кимге наам, сыйлык алуу үчүн чуркап, кийлигишкени да мага белгилүү. Алардын катарында айрым вице-премьерлер да бар», деп айтты мамлекет башчысы. Президенттин айтымында, саат алтыдан кийин айрым жетекчилерди табыш кыйын. Аларды жалаң сейил жайлардан табасың, мингендери кымбатбаа машинелер. «Элибизде канты жок чай менен отургандар көп, айлап, жумалап эт көрбөгөндөр да аз эмес», дейт К. Бакиев.

Президент мамлекеттик башкарууну өзгөртүү, аны заман талабына шайкеш келтирүү милдетин алдыга койду. Конституциялык кеңешмеде негизинен бийликти бир бутагынан экинчисине оодаруу аракети гана жасалгандыктан, «бул максатыбызга толук жооп бербейт деп ойлойм. Кеп бийлик укуктарын бөлүштүрүүдө эмес. Маселе элдин, калктын укугун көтөрүп, бекитүүдө болуп турат», дейт К.Бакиев.

Президент акимдерди чогулткан жыйынында электр энергетика тармагы уюшкан уурулуктун айынан жок болуп баратканына токтолуп, аны ири инвестордун жардамы менен бутуна тургузуу аракети жасала тургандыгын белгиледи, деп маалымдайт «Слово Кыргызстана» гезити.

«Эркинтоо» гезити Курманбек Бакиевдин: «Мен силерди жомок айтып бериш үчүн чогултканым жок. Кол чаап жүрө берген учур бүттү. Райондун акимдери ар бир ишемби күнү элдин пикирин угуп, өзүнүн отчетун берсин», деген сөзүн келтирип, жыйын таптакыр башкача маанайда өткөнүнө басым жасаган.

Ыңкылаптан кийин ишин жөндөй албаган жетекчилерди кызматтан алып коюуга К. Бакиевде толук мүмкүнчүлүк болду эле. Эмнеликтен ал кийинки 3-4 айдын ичинде колу туткак бир да чиновникти кызматтан алган жок, деп суроо коет шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити.

Президент ант берип жатып оң колун Башмыйзамга койгон жок. Бул мыйзамды толук сыйлабастыгы. Кыргыздын нукура жүзүн көрсөткөн ак калпагын кийген жок. Бул улутту сыйлабастыгы. Ыйык тууну чөгөлөп же тизе бүгүп эрдин тийгизип өпкөн жок, деп жазат «Кыргыз руху» гезити. Басылманын ырасташынча, бул президенттин «жалпы өлкөнү, мамлекетти сыйлабастыгы».

Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүлдү. Эгер К. Бакиев демократиялык эрежелерден тайып кете турган болсо анын ордун басчу атаандашы Ф. Кулов турат. Ошондуктан демократиянын тагдырынан кам санабай койсо деле болот, деп жазат З. Өсөров «МСН» гезитинде.

Кулов менен Бакиевдин мунасасы 2003-жылы эле ойлонулган дейт Эмил Алиев «Лица» гезитиндеги маегинде. Анын айтымында, А. Акаевдин тике өзүнө сын айтууга жарай албаган адамдар ушу тапта экс-президентти аябай сындап, жаңы бийликти жандап жүрүшөт. Ыңкылап кимдир бирөөлөрдүн кызматы үчүн жасалган эмес.

Жаңы бийликтин аракети, демократия тууралуу жакшы кептер эгер чындап сөз эркиндигине шарт түзүлбөсө эч кандай маани-мазмунга ээ болбостугуна шаршемби күнкү «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгы токтолгон. Жаңы бийлик айылды оңдоо аракетин жасабаса өлкөнүн өнүгүшү тууралуу кеп кылып кереги жоктугу, жаштар арасында өз жанын өзү кыйгандар арбып баратканы, жакынкы жылдары Кытайдын Шиңжан автоном району Кыргызстанга күйүүчү майды жөнөтүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышы, өзү чыгарган цемент менен шиферинин баасы кымбат Кыргызстан тууралуу биртоп макалалар басылманын жаңы санында жарыяланган.