Иракта кечээки жардырууларга тиешеси бар деп шектелген 4 адам кармалды

Ирактын мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, ал төрт кишинин жанынан жардырууну тескей турган жабдык табылган. Багдаддагы жардыруудан кечээ кеминде 43 киши мерт болуп, дагы 76 адам жараат алышты. Андан башка Хавижа калаасынын жанында чакан автобуста бараткан алты ирактык жоокерди белгисиз куралчан адамдар атып өлтүрүштү.