Казакстан менен Орусияда куш ылаңы жайылып барат

Казакстандын бийликтери өлкөдө куштардын сасык тумоосу жайылып баратканын тастыкташты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиришинче, өткөн айда Казакстанда адеп илдет катталгандан бери 9 миң үй канаттуусу өлгөн. Ал эми Орусияда 120 миң бакма канаттуу өлгөн же сасык тумоо жукту деп жок кылынган.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады