Жаңылыктар Ооганстанда автокырсыктан 20дай киши курман болду 20-Август, 2005 Ооганстандын Забул деген жеринде эки автобус сүзүшө кетип, андан бери дегенде 20 киши курман болуп, дагы 28 адам жаракат алды. Окуя Кабул менен Кандагарды байланыштырган кан жолдо болгон. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.