АКШнын кемесин аткан адам кармалды

Бул тууралуу кечээ кечинде Иорданиянын телевидиениеси аркылуу берилген билдирүүдө айтылат. Камакка алынган Мохаммед Хассан Абдулла ал-Сихлу Сириянын жараны болуп чыкты. Ал Ирактык бир адам жана өзүнүн эки уулу менен бирге АКШнын кемесин көздөй ракета атып, бирок Иорданиянын бир жоокерин өлүмгө дуушар кылган.