“Ал-Каида” уюмунун Ирактагы бөлүмү Акаба портунда ишке ашпай калган чабуулду мойнуна алды

Уюмдун лидери Абу Мусаб ал-Заркави жума күнкү ракеталык чабуулду даярдагандар аман эсен базага кайтып келди деп билдирди. Ал сокку америкалык кемеге тийбей калып, иорданиялык бир жоокердин өмүрүн алган.