КАЗАН ШААРЫ МИҢ ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕЙТ

Ар бир эле мамлекеттин, элдин же шаардын тарыхында дүйнөлүк мааниге ээ боло турган окуялар болбой койбойт. Ушундай окуялардын бири - Казан шаарынын жакында өтө турган 1000 жылдык мааракеси. 30-августта бул байыркы шаар өзүнүн он кылымдык тарыхын белгилейт. Салтанаттын алкагында КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны да өтмөкчү.
Татар Республикасынын борбору - Казан шаары Орусиянын экономикалык, илимий, маданий борборлорунун бири. Ошондой эле Казан шаары Орусиянын эң эле байыркы шаарларынын катарына кирет. Эгерде тарыхка кайрылсак, Казан качан негизделген? - деген маселе жүз жылдан бери талашка түшүп келатат.

Казан шаарынын негизделген жылын так аныктоо максатында окумуштуулар көптөгөн археологиялык казууларды жүргүзүп, дүйнө өлкөлөрүнүн 100дөн ашуун китепканаларынан бул шаар тууралуу маалыматтарды чогултушкан. Ошол иликтөөлөр тарыхтын жаңы барагын ачты.

Ватикандын, Италиянын, Франциянын, Венгриянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн китепканаларында буга чейин изилденип келбеген, белгисиз 10го жакын кол жазмалар табылган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыктары 21 өлкөдөн келген окумуштуулардын катышуусу менен 3 эл аралык форумда каралып, Казан шаары 1005-жылы негизделген деп таанылган.

Ушул жылдын 30-августунда Казан шаары өзүнүн 1000 жылдык мааракесин белгилейт. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, учурда Казанда бул салтанатты белгилөөгө даярдык күч.

Казан шаарында көптөгөн улуттук азчылыктардын жана ар кайсы диний конфессиялардын өкүлдөрү жашагандыктан, бул маараке казандыктар, Татарсатандын эли жана Орусия үчүн гана эмес, дүйнө өлкөлөрү үчүн да тарыхый мааниге ээ. Маарекени өткөрүүдө Кыргызстан да даярдык көрүп, өз салымын кошуп жатканы тууралуу Казандагы “Ынтымак” деп аталган кыргыз улуттук маданий борборунун төрага орун басары Талант Курманалиев буларга токтолду:

- Казан шаарынын өкмөтү бул салтанатка катышууга кыргыз диаспорасына 23 кишиге орун берген. Биз бул маарекеге өзүбүздүн концерттик программабыз менен катышабыз. Мындан тышкары оюн-зоок, улуттук даамдар жайылган дасторкон менен кыргыз желегинин алдында майрам тособуз. Эки элдин ортосундагы мамилелер тууралуу сөз сүйлөйбүз, ошондой эле балдар кыргыз бийлерин тартуулашат. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Казандын 1000 жылдык майрамына деп, кыргыз диаспорасына 1 боз үй убада кылышкан. Жакынкы күндөрү боз үй Казанга келип калат, кудай буюрса майрам жакшы өтөт.

Казандагы кыргыз диаспорасы 1996-жылы түзүлүп, Казан шаарында иштеп жана жашап жаткан кыргыз атуулдарынын кызыкчылыктарын коргоп келет. Казандагы кыргыз диаспорасынын маалыматына таянсак, шаарда 2500ге жакын кыргыздар эмгек мигранттары катары оокат кылышат. Ал эми Казанда отурукташып калган кыргыздардын саны 25ке чукул.

Кыргыз-татар мамилелери тууралуу Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясыныны тышкы байланыштар боюнча координатору Талант Жороев төмөндөгүчө маалыматтарды берди:

- Кыргызстан менен Татарстандын ортосунда соода, курулуш, билим берүү тармактарында кандайдыр бир ырасмий келишимдер жок. Балким келечекте болуп калаар. Бирок Казанда кыргыз класстарын ачылганын белгилеп кетүү зарыл .Кыргыз классынын ачылганына 2 жыл чукулдап калды. Татарстандын өкмөтү кыргыз диаспорасына жер үлүшүн бөлүп берген. Буюрса майрамдан кийин бизнес-борбор салуу маселесин колго алабыз, ошону менен бирге кыргыз улуттук көркөм чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү максатында атайын имарат ачып, анда кыргыз маданиятына таандык буюмдарды койууну көздөп жатабыз.

Кыргызстандагы “Туган тел” татар-башкыр диаспорасынын берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жашаган татарлардын саны 47миңге чукул, алардын 17 миңи Бишкекте турат. Аталган диаспоранын төрайымы Гүлсина Ульмаскулова Кыргызстанда жашаган татар улутундагылардын абалы жакшы экенин айтып, кыргыз-татар мамилелеринин күч алышына ишенимин билдирди:

- Кыргызстанда бизди эч ким кемсинтпейт. Менин эч кандай дооматым жок. Анткени кайсы жерде болбойлу, биз үчүн ар дайым эшик ачык. Өлкөнүн кайсы гана тармагы болбосун, өндүрүш болобу, билим берүү тармагы болобу татарлар иштешет, окуу жайларда окушат. Кыскасы татарлар өздөрүн эркин сезишет. Бизде олуттуу деле көйгөйлөр жок.

Кыргызстандан Казанда өтүүчү салтанатка Президент баш болгон ырасмий делегация катышмакчы.