БАТКЕН КООГАСЫНА 6 ЖЫЛ

Сабыр Абдымомунов, Баткен Мындан 6 жыл мурда өлкө түштүгүндөгү Баткен районунун аймагына өздөрүн “Өзбекстан ислам кыймылы” атаган куралчан топ кол салып, андан элүүдөн ашуун кыргыз жоокерлери курман болгону белгилүү. Өлкө эгемендигине шек келтирген ошол окуянын себептеринин жана коогалаң башталган алгачкы күндөрдө кыргыз аскерлеринин түшүнүксүз артка чегинүүсүнүн түйүнү ушул күнгө дейре чечилбей, сыр бойдон калууда.
Жергиликтүү жетекчилер Баткен районунун аймагына белгисиз куралчан топ басып киришкенин бир жумадан кийин гана билишкен. Окуя башталган күндөн тартып эле “сакалчандар” менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн бири Зардалы айылынын ошол кездеги башчысы Акмырза Тагаев алгачкы уккандары жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Зардалы айылынан үч чакырым аралыкта Коргон деген айыл бар. Ошол Коргон деген айылга жыйырма бир “сакалчан” келип, жайгашкан экен. Ошол жердеги аксакалдарды үч күн кармап турушуптур. Зардалыдан Коргонго жөнөгөндөрдү өткөрүп, ал эми Коргондон Зардалы айылына бир да адамды өткөрбөй турушкан. Ошондуктан үч күнгө чейин алардын айылга келгенин билбей калганбыз. 30-июль күнү “сакалчандар” айылдан чыгып кетишкен экен. Аксакалдар келип мага айтышты, сен бизден кабар албайсың, биздин абалыбызды сурабайсың деп. Мен ойлоптурмун, алар ооруп калып, унаа менен Баткенге жөнөтүш керек экен деп. Көрсө, “сакалчандар” келип, үч күндөн бери алардын малдарын союп жешип, бул жактан баргандарды ал жактан чыгарбай турушканын мага айталы деп келишиптир. Кушкеев Бурхан деген аксакалды алып, ошол жерден токтолбостон Баткенге келдик. Алар ошол аксакалга жүз доллар беришкен экен, бизге тамак-аш алып келип бересиң деп. Ошону менен экөөбүз бирге түнкү саат он бир жарымдарда райондун борборуна келип, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө кирдик. Начальнигине айтсак көбү ишенишкен жок, кандайча кирип келсин деп.

Ошентип Баткен окуясына күбө болгон Акмырза Тагаев ошол учурда кыргыз жоокерлеринин аскердик даярдыгы начар экендигине карабастан патриоттук сезими күчтүү болгонуна токтолду:

- Биринчиден биздин армиянын тажрыйбасы жок экендиги билинди. Аскерлердин кийген кийимдери өзүлөрүнө туура келбегендиги, экинчиден алар курал кармап, эч кандай окуулардан өтпөй, тажрыйбасы аз болсо да патриоттук сезим менен жүрүштү.

Окуя анча күч ала элек кезинде Улуттук гвардиянын жана ички иштер кызматынын атайын аскерлери тарабынан куралчан баскынчылар курчоого алынган кезде өлкөнүн ошол кездеги коргоо министри Мырзакан Субанов бардык аскер башчыларын чакырып, аскерлердин Баткенден чыгып кетүүсү жөнүндө жогортон келген буйрук менен тааныштырганы Баткен эли үчүн ушул күнгө чейин сыр бойдон калууда. Бул туурасында жергиликтүү бийликтин башчысы Акмырза Тагаев таң калуу менен эскерет:

- Таңга маал 21-августта ушунча аскерлер кирип, бардыгын курчоого алып турушкан. Анан эле алар кайра чыгып кетти. Ким буйрук бергени, эмне үчүнэлди таштап, кайра чыгып кеткени сыр бойдон калды.

Ошентип эки жыл удаасы менен болгон Баткен окуясы 50дөн ашуун жоокерлерибиздин өмүрүн алып, дагы бир канчасы андан жапа чекти. 2002-жылы Баткенде бул окуянын катышуучулары “Чокмор” деген коомдук бирикме түзгөн. Учурда анда 400дөн ашуун мүчөсү бар. Коомдук бирикменин иш-аракеттери тууралуу уюмдун өкүлү Канат айым буларга токтолду:

- Коогалаңга катышкандан кийин ооруп, ишке жараксыз болуп калгандарга бардык бейтапканаларга кайрылып, бекер дарылантып бердик. Жогорку окуу жайларга кат аркылуу кайрылып, Баткен коогалаңына катышкандардын балдарына 50 пайыз акча төлөмүн азайтып бердик. Жардам боюнча кайрылып жатабыз. Эми жаңы президентке, депутаттарга да кайрылдык.