Административдик реформа эки жылга созулат

БИШКЕК. Кыргызстанда административдик реформа этап-этап аркылуу ишке ашып, ал эки жылга созулат. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 29-августта облус губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, алгачкы этапта облустардагы ашыкча структуралар жоюлат. Административдик реформа 2007-жылы облустарды жоюу менен аяктайт. Бул үч тепкичтүү башкарууну, башкача айтканда, айыл өкмөтү, район жана өкмөттүк башкарууну шарттайт. Учурда өлкө боюнча облусттук 520 структура бар. Бул жыйында президент мындан тышкары Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу маселесине да кайрылды. Курманбек Бакиев Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын абалын жакшыртуу үчүн 400 миллион сом бөлүү зарыл деп эсептеди.