Алмания президенти Польшадагы салтанаттарга катышат

Алмания президенти Хорст Көллер бүгүн Польшага келди жана эртең - "Солидарность" аттуу профсоюздун негизделгенинин 25 жылдыгына арналган салтанаттарга катышат. 1980-жылы түзүлгөн бул профсоюз - социалисттик өлкөлөрдө пайда болгон биринчи күчтүү бейөкмөт уюмдардын бири болгон жана коммунисттик идеологиянын кыйрашына орчундуу салым кошкон. Көллер болсо өзү 1943-жылы Польшада туулган.