Казакстанда темир жол кырсыгынан эки адам каза тапты

Казакстандын батышындагы Атырау облусунда кечээ куптандан кийин мунай жана курулуш материалдарын тарткан поезд темир жолдон чыгып кетип, эки киши набыт болду. Чукул кырдаалдар министрлиги кырсыкка мурдараак болгон катуу жаандын темир жол жаткырылган кыртышты жууп кетип, поездин кулашына алып барганын маалымдады.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады