Сирияда эки мумия табылды

Сириянын Улуттук археологиялык миссиясы Палмырадагы көрүстөндү казып жатышкан. САНА агенттиги билдиргендей, мүрзөлөрдүн биринде үстү-үстүнө катары менен сөөктөр коюлган экен. Сөз болуп жаткан мүрзөнүн капканы 1 миң килограмм келип, оңой ачылып, жабылат. Эки табыттан чыккан мумиялар бузулуп кеткендиктен, башка жакка которбостон, ордунда калтырыла турган болууда.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады