Индия жана Пакистан тынчтык жараянындагы иш-аракеттерин улантууда

Ушул жараяндын алкагында эки өлкө 600дөй туткунду алмашуу ишин жүзөгө ашыра баштады. Индия өз түрмөлөрүндөгү 152 туткунду коңшулаш өлкөгө өткөрүп берет, Пакистан абактардагы 435 индиялыкты азаттыкка чыгармакчы. Эркиндик алчулардын көпчүлүгү балык кармап жүрүп, эки өлкө ортосундагы чек араны бузган үчүн кармалган карапайым адамдар.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады