Бириккен Улуттардын жыйыны алдында анда карала турган маселелер жөнүндө мунаса жок

Бириккен Улуттардын Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесинде шаршемби күнү баштала турган бийик жолугушуу алдында уюмду реформалоо боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей жатат. АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтондун жардамчысы Ричард Гринел 12-сентябрда билдиргенге караганда, уюмдун Женева шаарында жайгашкан Адам укуктары боюнча башкармалыгын реформалоо боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады.