Багдадда дүрмөттөлгөн машина жарылып, 150дөн ашуун адам мерт кетти

Жарадар болгондордун саны 500 дөн ашат. Күнүмдүк жумуш издеп, топтолуп турган мандикерлер арасына келип, жан кечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жиберген. Бул иш үчүн жоопкеричликти «Ал-Каида» уюму өзүнө алды. Ал эми Багдадга жуук кыштактардын биринде козголоңчулар жергиликтүү 17 тургунду үйүнөн кууп чыгып, боо түшүрө атып салышты.