Германияда да шайлоо

Парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары эртең таңга жуук белгилүү болот. Азыркы канцлер Герхард Шрөдөрдүн социал-демократтар менен “жашылдар” партиясынан куралган коалиция бийликте калганга, алардын башкы атаандашы – христиан-демократтар менен алардын саясий союздаштары бийликке келгенге дама кылып жатышат. Эгер оппозиция жеңсе, алардын лидери Ангела Меркел айым өлкөнүн тарыхында канцлердик кызматка жеткен биринчи аял болуп калмакчы.