Ооаганстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары чыга элек

Кечээ күнү Ооганстанда дагы парламенттик шайлоо өткөрүлдү, ага катталган шайлоочулардын жарымынан ашыгы катышты. Добуштарды саноо эртең гана башталат жана жыйынтык 22-сентябрда жарыяланышы мүмкүн. 2001-жылы бийликтен четтетилген Талибан кыймылынын калдыктары шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн бардык аракеттерди көргөн, бирок добуш берүүгө алты миллиондон ашык адам катышты.