Оштогу баш аламандыкка байланыштуу төрт адам соттолду

ОШ. 21-сентябрда Ош шаардык сотунда ушул жылдын 13-июнь күнү “Алай” мейманканасынын жанында куралсыз адамдарга ок аткан деп айыпталган 4 жигиттин үстүнөн жыйынтыктоочу сот жараяны улантылды. Соттолуучу жана жабырлануучу тараптардын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн жана далил каражаттарды талдоодон өткөргөн соң, Ош шаардык сотунун судьясы Мидин Жолдошалиев сот өкүмүн угузду. Өкүмгө ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 241, 232 жана 97-берененин 2-бөлүмү боюнча соттолуучу 4 адам мыйзамсыз курал сактагандыгы, массалык башаламандыктарга катышкандыгы жана адам өмүрүнө кол салууга ниеттенгендиги үчүн күнөлүү деп табылды. Коюлган күнөнүн негизинде Болот Маматов менен Жамал Өскөнбаев 14 жылга, Манас Токтобаев 15 жылга, Өмүрбек Батыров 4 жылга эркинен ажыратылды. Соттолуучулардын жактоочусу Максүт Кайыпов өкүм адилетсиз чыгарылды деп эсептеп, жакында аппелляциялык негизде сотко кайрыла тургандыктарын билдирди. Ал эми жабырлануучулардын жактоочусу Амангелди Молдобаев кылмыштын аткаруучулары гана соттолуп, ал эми аны уюштурган адамдар эркиндикте жүрүшөт деген өзгөчө пикирин билдирди. Ушул жылдын 13-июнундагы ок атуу окуясында 7 адам жабырланган.