Орусия Кыргызстанга өзгөчө маани берет

БИШКЕК. Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү жана кошунасы катары буга чейин кабыл алынган көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашуулар менен милдеттенмелерди өзгөртпөйт. Мындай пикирин Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Орусия коргоо министри Сергей Иванов менен 21-сентябрда өкмөт үйүндө болгон жолугушууда билдирди. Премьер-министр Феликс Кулов болсо эки тараптуу жолугушуунун учурунда Орусияга биринчи артыкчылык берилээрин белгиледи. Ал эми Сергей Ивановдун билдиргенине караганда, Орусия Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар:

- Биз адаттагыдай эле Кыргызстан менен эки тараптуу да, Шанхай кызматташтык жана Жамааттык rоопсуздук келишим уюмдарынын алкагында да аскерий, аскерий-саясий жана аскерий-техникалык алакаларды улантабыз.

20-сентябрда Москвада элчилер менен жолугушуу учурунда Орусия президенти Владимир Путин Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанга өзгөчө маани берээрин билдирген.