Березовский Ригада

Орусия издөө салган белгилүү көпөстөрдүн бири Борис Березовский азыр жашаган Улуу Британиядан Латвияга келди. Ал бул жерге АКШ президентинин бир тууганы Нил Буштун чакырыгы менен, билим берүү долбоорлорун талкуулоо үчүн келгендигин билдирди. Нил Буш Березовскийдин акциясы бар бир компаниянын ээси. Борис Березовский ушул жылдын февралында Латвияга биринчи жолу келгенде ага Москва катуу нааразылыгын билдирип, дипломатиялык чатак чыккан.