Баяман Эркинбаев Аларча көрүстөнүнө коюлат

БИШКЕК. 21-сентябрда кылмышкердин огунан курман болгон депутат Баяман Эркинбаевдин сөөгү 23-сентябрда Аларча көрүстөнүнө коюлат. Депутатты акыркы сапарга узатуу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев башында турган комиссия түзүлдү. Баяман Эркинбаев менен коштошуу 23-сентябрда саат ондо Жогорку Кеңештин имаратынын алдында болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.