Украина өкмөтүндөгү кризис басаңдап калды

Украинанын парламенти Юрий Ехануровду премьер-министрликке дайындоого экинчи жолку талкууда макулдук берди. Анын талапкерлигин колдоп, 289 депутат добуш берди. Андан кийин Ехануров Украина өкмөт курамын саясаттан тыш иштей турган адамдар менен түзөөрүн жарыя кылды.