Мусулман мамлекеттеринин бирдиктүү соода аймагын түзүү сунушу айтылды

Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк ислам экономикалык форумунда бүгүн Исламдык конференция уюмунун баш катчысы Эхмеледдин Иксаноглунун кайрылуусу окулду. Кайрылууда - Исламдык конференцияга кирген 57 мүчө-мамлекеттин ортосундагы соода байланыштары күчөтүлүүгө тийиш деп айтылат жана Иксаноглунун айтымында, өзүнчө исламдык соода аймагы түзүлүүгө тийиш. Форумга 44 мамлекеттен келген беш жүзгө жакын өкмөт өкүлү катышууда.