Алжирдин согушчул уюму мамлекеттик мунапыcтан баш тартты

Алжирде аракеттенген исламдык куралдуу топ бийлик сунуштаган мунапысты четке какты, бул топ "ал-Каида" деген террордук уюм менен жакын деген маалыматтар бар. 29-сентябрда өлкөдө жалпы элдик референдум өткөрүлүп, ага катышкан элдин 97 пайызы - эгер ал уюм курал таштаса, анын мүчөлөрүнө мунапыс жарыялоо демилгесин колдогон. 1992-жылдан бери Алжирдеги ич-ара кагылышуулардан 150 миң адам курман болду.