Түркия Евробиримдикке киреби?

Түркияны Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Ага катышуу үчүн Люксембургга Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл келди. Аталган маселе боюнча 3-октябрга белгиленген сүйлөшүүлөр Австриянын Түркияны Евробиримдиктин толук кандуу мүчөсү кылбаш керек деген талабынан улам кечээ башталган эмес. Түркиянын маалымат каражаттарынын билдиришине караганда, Вена кийин мындай талапты алып таштады.