Грузиянын батышында нөшөрлөп жааган жамгыр артынан суу ташкын жана жер көчкүнү алып келди

Андан кеминде эки адам каза тапканы кабарланууда. Айрым кыштактардын тыш дүйнө менен карым-катнашы үзүлгөн. Өлкөнүн премьер-министри Зураб Ногайдели буга байланыштуу коңшу Түркиядагы расмий визитин токтотууга мажбур болду. Президент Михаил Саакашвили кырсыктан жапа чеккен аймактарга барганы жатат.